• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Сабап, зордуктаган. Ошто 18 жаштагы кызды ала качкан жаран кармалды

29 Кулжа 2021 13:14 Бишкек Govori.TV

Ошто 18 жаштагы кызды ала качып кетүүгө шектелген жаран ошол эле кызды кайрадан уурдап, зордуктаган. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Анын айтымында, 2021-жылдын июнь айынын башында Ош шаардык ички иштер башкармалыгына 2003-жылы туулган кыз чалып, аны Кызыл-Кыядан Ошко чала тааныш жигити ала качып кеткендигин билдирген. Факт КР Кылмыш-жаза кодексинин “Адамды уурдоо” беренеси боюнча катталган.

Ал эми Ош шаардык соту 1992-жылы туулган шектүүнү үй камагына чыгарган. Ал кызга кайра барып, сабап, зордуктап салган.

Бул факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “Зордуктоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү кармалган. Ош шаардык соту кылмышка шектүү Т.Тны бир айга камакка алуу боюнча чечим чыгарды.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, жыйынтыгы күтүлүп жатканы кошумчаланды.

Количество просмотров: 1176