Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Максат Сабиров сөз сүйлөп жатып, Кумтөр кениндеги кырсыктарга байланыштуу депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.
“Өткөн жумада Кумтөр компаниясында дагы бир авария болду. Мен өткөндө “депуттаттык комиссия түзөлү” деп айттым эле… Кечээ дагы авария болду. Ал жерде кандай болгонун эч кимибиз иликтеген жокпуз. Эгерде өкмөттөн комиссия түзүлсө, аларды уксак” – деди депутат.
Эл өкүлү кыска мезгил аралыгында эле «Кумтөр» алтын кенинде эки жолу авария болуп, үч адам өлгөнүн айтты.
«Депутаттар буга чейин «Кумтөр» алтын кени боюнча бир топ көйгөйлүү маселелерди көтөргөнүнө карабастан, тийиштүү органдар тарабынан жетиштүү чаралар көрүлбөй келет. Ошонун айынан дагы үч адам өлдү. Бул жолу парламент дагы, Өкмөт дагы унчуккан жок. Өкмөттүн комиссия түзүлдү дегени менен, ушул кезге чейин анын жыйынтыгы жок, авариянын себептери аныктала элек. Ошондуктан, бул маселени ошол бойдон калтырганга болбойт», – деди депутат.