• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Садыр Жапаровдун соту эртеңкиге калды

5 Кулжа 2018 19:39 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 05.06. 2018. Govori. TV

Камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун соту эртеңкиге  калды. Бул тууралуу адвокат Шарабидин Токтосунов билдирди.

Айтымында, бүгүнкү отурум соңуна чыкпай, бирок иш убактысы бүтүп калгандыктан, сот эртең уланмай болду.

“Эртеңки жараянда Жапаровдун башка адвокаттарына, мамлекеттик айыптоочуга сөз берилет. Андан кийин чечим чыгышы керек», — деди Токтосунов.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаровдун Жогорку Соттогу ишинде 8 адвокат анын укугун коргоодо.

Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Караколдогу «митингди уюштурган, ошол кездеги губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде кармалган.

Биринчи май райондук сот былтыр 2-августта аны күнөөлүү деп таап, 11,6 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен. Шаардык сот бул чечимди күчүндө калтырган.

 

Количество просмотров: 12