• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Садыр Жапаров алыскы Зардалы айылына барды

29 Аяк оона 202416:40 Бишкек Govori.TV

КР Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-сентябрда Баткен облусунун алыскы Зардалы айылына барды.

Ал айылдын жашоочулары менен жолугушууда алыскы аймактардагы калктын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана ири долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Садыр Жапаров келерки жылдын жазында калктуу конушка баруучу жолдун курулушу башталаарын, андан соң Зардалыны электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлөрүн айтты.

Айыл тургундары президентке ыраазычылык билдирип, бул мамлекет башчынын алардын калктуу конушуна болгон биринчи сапары экенин белгилешти.

Алардын айтымында, негизги көйгөйлөр болуп жолдун жана электр энергиясынын жоктугу саналат.

Мындан тышкары, жашоочулар уюлдук байланыш маселесин чечүү өтүнүчү менен кайрылышты. Бул боюнча Садыр Жапаров президенттин администрациясынын кызматкерлерине тиешелүү тапшырмаларды берди.

Количество просмотров: 156