• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Садыр Жапаров Астанага иш сапары менен барды

2 Жетинин айы 2023 17:29 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда, иш сапары менен Астана шаарына (Казакстан Республикасы) келди.

Мамлекет башчынын борту «Нурсултан Назарбаев» эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Казакстандын Премьер-министри Алихан Смаилов тосуп алды.

Эскерте кетсек, сапардын алкагында Мамлекет башчысы 3-ноябрда өтө турган Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкө башчыларынын кезектеги онунчу Саммитинин ишине катышат.

Количество просмотров: 102