• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Садыр Жапаров: Ата мекендик медөндүрүштү өнүктүрүү — стратегиялык мааниге ээ

13 Чын куран 202613:46 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 12-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында «Медимпекс» медициналык буюмдарды чыгаруучу ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Заманбап технологиялар менен жабдылган завод жылына 100 миллион даана продукция чыгарууга жөндөмдүү. Долбоорго 268,5 млн сом инвестиция салынып, 40 жумуш орду түзүлгөн.

Президент ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүү, инновацияларды киргизүү жана импортко көз карандылыкты азайтуу өлкө үчүн маанилүү экенин белгиледи.

Количество просмотров: 103