• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Садыр Жапаров: “Баткендеги жерлер боюнча Жеңиш Разаковго тиешелүү документтерди карайм”

31 Бугу 2021 10:46 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунун Көк-Таш айылынын тургуну Садыр Жапаровго Жеңиш Разаков ал аймактагы жерлерди мыйзамсыз бергенин айтты.

“Жеңиш Разаков вице-премьер-министр болуп турганда бул айылга келди. Анан чогулуш кылган, бирок жыйынга келген тургундарды сен ушул айылда жашайсыңбы же жокбу? деп катуу текшерген. Чогулушта кыргыздардын жерин тажиктердики, арттагы жерге алмаштырабыз деп, элди коркутуп, кол койдурткан. Менин ушул жакта жашаган жакын досумду коркутуп, “сага дело ачабыз” кыйнап, коркутушкан. Келген жашоочуларды сүйөтпөй Урматтуу Садыр Нургожоевич сиз Жеңиш Разаковду жоопко тартасыздарбы? Азыркыга эч ким, эч кандай чара көрбөй жатат.

Ал эми Садыр Жапаров “Баткендеги жерлер боюнча Жеңиш Разаковго тиешелүү документтерди карайм кагаздарын карай элекмин. Силерде документтер барбы, ошолорду алдырып карайм, анан жообун сиздерге жооп берем”, — деди өлкө башчы.

Эске салсак, Жеңиш Разаков 2018-жылдан 2020 — жылга чейин Кыргызстандын вице-премьер-министри болгон.

Количество просмотров: 4949