• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Садыр Жапаров бийлик тынчтык жолу менен алмашып жатканын айтты

16 Тогуздун айы 202011:48 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда үчүнчү ирет төңкөрүш болду дебей, бийлик тынчтык жолу менен алмашууда. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында өкмөт башчы, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров билдирди.

«Бүгүн тарыхый учурга күбө болуп отурасыздар. Кудайга тобо эч кандай мародерчулукка, басып алууга алып барбай, мамлекетте үчүнчү ирет төңкөрүш болду деген сөзгө калбай, мыйзамдуу жол менен бийлик алмашып жатканына ыраазы болушубуз керек. Мага жүктөлгөн милдеттерди толук аткарууга, ички жана тышкы саясат мурда кандай келе жатса, ошондой улантууга бардык күч-аракетимди жумшайм», — деди Жапаров.

Эске салсак, 15-октябрь күнү президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетүү тууралуу чечим кабыл алганын билдирген. Президент кызматтан кеткенден кийин анын милдеттери Жогорку Кеңештин төрагасына өтөт. Ошол эле күнү премьер-министр Садыр Жапаров мамлекет башчынын да милдетин аткарарын, себеби парламент спикери Канатбек Исаев бул милдетти аткаруудан баш тарканын жарыялаган. Төрага президенттин милдеттерин аткара албаган учурда президенттин милдетин аткаруучу болуп өкмөт башчы дайындалат.

Количество просмотров: 141