• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Садыр Жапаров чек ара боюнча кайрылуу жасады

16 Чын куран 2022 0:22 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасына кыргыз-тажик чек арасы боюнча билдирүү жазды.

«Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Анын 664 чакырым тилкесин такташып бүттүк. 308 км калды. Албетте иштер тез жүрүп, баарын эртерээк такташып алсак жакшы болмок. Бирок менин көз карашымда иштер жай жүрүп жатат. Себеби бир топ тилкелерде талаштуу жерлер калды. Эң негизгиси тынчтык болсо баарын эки тараптуу кызыкчылыкты эске алуу менен чечишип алабыз»,-деп жазды Жапаров.

Эске салсак, 12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болгон. Эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү алгач 12-апрелде Тажикстандын “Овчи-Калача” көзөмөл өткөрүү бекетинде, 13-апрелде ок атышуу болгон Лейлек районундагы Селкана тилкесинде жолугушуп, чек арага тартылган кошумча күчтөрдү алып кетүүнү макулдашкан.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы соңку чыр-чатакта жалпы алты кыргызстандык жараат алганын кабарлаган. Алардын экөө аскер кызматкери.

Количество просмотров: 677