• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Садыр Жапаров «Дастан Сити» турак-жай комплексинин курулушу менен таанышты

10 Тогуздун айы 202415:25 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-октябрда Бишкек шаарынын 11-кичи районунда курулуп жаткан “Дастан Сити” турак-жай комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Комплекс 2660 батирге ылайыкталган 24 он жети кабаттуу үйлөрдөн турат.

Мамлекеттик ипотекалык компания менен түзүлгөн инвестициялык келишимдин алкагында ага жашоого толугу менен даяр абалда 500 батир берилет.

Бул комплекс мурда таштанды болуп жаткан жерде курулуп жатат.

“Экспострой курулуш компаниясы” ЖЧКнын директору Кубанычбек Тулеев Президентке долбоорго турак үйлөр гана эмес, соода борбору, бизнес-борбор да кирерин, жер алдындагы унаа токтотуучу жайлар каралганын айтып берди.

Ал ошондой эле жашоочулардын ыңгайлуулугу үчүн курула турган балдар жана спорт аянтчалары, анын ичинде чоң футбол аянтчасы жана теннис корту, 280 орундуу бала бакчалары (ар бири 140 орундуу 2 бала бакча) бар турак-жай комплексинин долбоорун көрсөттү.

Бүгүнкү күндө бир эле учурда 12 үй курулуп жатат, ал эми долбоордун аякташы 2028-жылга пландаштырылган.

Количество просмотров: 182