• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Садыр Жапаров элге ыр менен кайрылды

4 Бирдин айы 2021 14:57 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Телеграм каналы аркылуу элге кезектеги кайрылуусун жасады.

Анын айтымында, премьер-министр кызматы жоюулуп, бири-бирин кайталаган мамлекеттик ишканалар жокко чыгарылат. Жапаров бул процесстерди басып өтүү үчүн убакыт талап кылынарын билдирди.

«Урматтуу мекендештер, келечекти тегиз калыс карайлы. Биз баардыгын жеңебиз. Жеңишке жетүү үчүн бир гана элдин ишеними бекем болуусу керек. Алдыда дагы жок дегенде 6 ай убакыт талап кылынат. Ага чейин кечээ бекиген жаңы өкмөттүн мүчөлөрү өзүнүн ишин элге иштеп көрсөтөт. Ал арада жаңы даярдалган конституция жана жаңы мыйзамдар кабыл алынышы күтүлүүдө. Жаңы Конституция менен жаңы мыйзамдардын негизинде жаңы реформалар, жаңы өзгөрүүлөр, таза кесипкөй кадрлар дыкат конскурстук текшерүүдөн өтүп келүүсү мыйзамдын чегинде гана жүрөт. Премьер-министр кызматы жоюлуп, бирин-бири кайталаган мамлекеттик иш каналар кызматтар жокко чыгарылат. Бул баскычтарды басып өтүү үчүн убакыт талап кылынат»,-деп жазган Жапаров.

Ошондой эле ал кайрылуусуна төрт сап ыр кошкон:

Аккан суудай шар агабыз шашылып,

Адашпайлы биз адамдар аңтарылып чачылып.

Кээде байкап кээбир кээбир адамдардын мүнөзүн,

Таң каласын айлаң кетип баш кагып.

Количество просмотров: 6553