• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Садыр Жапаров: Каракчылык жол менен бийликти басып алууга каршымын

6 Тогуздун айы 2020 18:23 Бишкек Govori.TV

Каракчылык жол менен бийликти басып алууга каршымын. Бул тууралуу бүгүн 6-октябрда саясатчы Садыр Жапаров журналисттерге билдирди.

«Бүгүн өлкөдө кырдаал оор. Эл чогулуп Ак үйгө, өкмөткө мени отургузуу сунушун берип жатышат. Бирок мен каракчылык жол менен бийликти басып алууга каршымын. Министрликтерди дагы барып басып алгандар болду. Эгер министр качып кетсе анын орун басарлары бар. Система иштеп турушу керек. Басып алуу же кызматты тартып алуу менен стабилдүүлүктү орното албайбыз»,-деди Жапаров.

Количество просмотров: 198