• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Садыр Жапаров ким өзү? 

6 Бештин айы 2018 18:45 Бишкек Govori.TV
Бишкек.06.12.2018.Govori.TV.
Депутат Садыр Жапаров Кумтор маселесин көтөрүп бийликтин кылтагына илинген. Жапаров «Ысык-Көл облусунун губернаторун барымтага алууну уюштурду» деген айып менен чет өлкөдөн Кыргызстанга кайтып келатканда кармалган.
2017-жылдын 2-августунда Биринчи май райондук соту 11,6 жылга Жапаровду соттогон. Буга макул болбогон Жапаровдун тарапташтары митингге чыгышкан, бирок, милиция кызматкерлери аларды күч колдонуу менен таратып, айрымдарын каммакка да алган.
Бүгүн, 6-декабрда Садыр Жапаров 50 жашка толду. Ал Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Кең-Суу айылында туулган. Кумтөдөгү алтын өндүрүүчү  Centerra Gold  компаниясынын элге зыяны чоң экенин айтып чыккан депутат катары элдин эсинде калган.
Белгилүү саясатчы Садыр Жапаровдун 50 жашка толгонун утурлай “Садыр жана чындык” деген аталыштагы китеп басылып чыкты. Бул китепти Жапаровдун жактоочусу жазып анда соттук иштерден тарта Жапаровду колдогон карапайып элдин колдоосу, ырлары жайгаштырылган.
Саясий куугунтукка кабылып, абакта олтурган Садыр Жапаровдун иши кайрадан каралуу алдында турат. Бул жаңылык Жапаровдун тарапташтарынын өчүп бара жаткан үмүтүн кайрадан жандандырды.
Эске салсак, саясатчы Садыр Жапаров 2010-жылы «Ата Журт» партиясынын тизмеси менен парламентке депутат болуп келген. Ага чейин ал Курманбек Бакиевдин бийлигинин тушунда Коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча агенттикти жетектеген.

Количество просмотров: 213