• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Садыр Жапаров Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин премьерин кабыл алды

25 Тогуздун айы 2023 13:27 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышуу үчүн өлкөгө биринчи расмий сапар менен келген Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин премьери Ли Цянды кабыл алды.

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсү боюнча пикир алмашуу болду.

Кыргыз жергесинде мейманды тосуп алып жатып, мамлекет башчысы Кытайга болгон мамлекеттик сапарын, кыргыз-кытай мамилелерин жаңы сапаттуу деңгээлге – жаңы доордо ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүккө көтөрүү менен коштолгон Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин менен болгон жемиштүү жана ишенимдүү сүйлөшүүлөрүн жылуу маанайда эстээрин белгиледи.

Садыр Жапаров акыркы жылдары кыргыз-кытай мамилелеринин активдешүүсү байкалып жатканын, ар кандай деңгээлдеги өз ара сапарлардын динамикасы буга далил экенин канааттануу менен белгиледи.

Президент бул нерсе Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы ынак коңшулук, достук, кызматташтык жана өз ара пайда мамилелерин ого бетер бекемдегенин белгиледи. Саясий өз ара ишенимдин жогорку деңгээли соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү жана арттыруу үчүн жакшы шарт түзөт.

Ал соода-экономикалык өз ара аракеттенүүгө өзгөчө басым жасады. Кытай көп жылдар бою кыргыз тарап үчүн негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрдүн бири болуп келген жана ошонусун улантууда.

Тактап айтканда, президент Садыр Жапаров бүгүнкү күндө кыргыз-кытай биргелешкен ири жана негизги долбоорун — «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун курууну белгиледи, ал эки өлкөнүн транспорттук-логистикалык тармагындагы кызматташтыгын бекемдөөдө маанилүү звено болмокчу. Ошондой эле жалпы чек араны эске алганда, Кытай менен энергетика жаатында, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча долбоорлорду ишке ашырууга Кытай инвестицияларын тартуу менен кызматташуу абдан келечектүү болуп саналат.

Өз кезегинде КЭР Мамлекеттик Кеңешинин премьери Ли Цян Садыр Жапаровго кытай делегациясын жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, бул расмий сапар эки тараптуу кызматташтыкты жана коңшулук мамилелерди бекемдөөгө жана тереңдетүүгө мүмкүндүк берет деген ишенимин билдирди.

Ли Цян Садыр Жапаровдун Кытайга болгон акыркы сапарынын алкагында эки өлкө лидерлеринин жолугушуусуна, анын натыйжасында эки тараптуу кызматташтык жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүнө токтолду. Бул олуттуу мааниге ээ жана мындан аркы кыргыз-кытай мамилелери үчүн так багыт болуп саналат. Кыргызстан Кытайдын маанилүү жана ишенимдүү коңшусу болуп саналат.

Мамлекеттик Кеңештин премьери Кыргызстанга жасаган иш сапарынын алкагында өлкөдө алгылыктуу өзгөрүүлөрдү байкаганын, атап айтканда, президент Садыр Жапаровдун жүргүзүп жаткан реформаларынын аркасында Кыргызстанда туруктуу экономикалык жана социалдык өнүгүүгө жетишүүгө, ошондой эле коопсуздукту чыңдоого багытталган бир катар чаралар иштелип чыкканын баса белгиледи.

Ли Цян эки лидердин жетекчилиги астында натыйжалуу кыргыз-кытай стратегиялык көп пландуу кызматташтык түзүлөт деген ишенимин билдирип, Кытай Кыргызстан менен мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи.

Количество просмотров: 62