Уулума телефон чалып, кызмат үчүн 300 миң доллар сунуштагандар бар. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Al Jazerra телеканалына берген маегинде билдирди.
«Кызматка отурганыма 10 күн боло элек, бирок менин жакындарыма, мисалы, менин уулума чалып, кайсы бир кызматка дайындалуу үчүн 300 миң доллар, кайсы бир кызматка 50 миң доллар сунуштап жатышат. Биз бул аракеттердин баарына бөгөт коюп, тунук мамлекетке айлангыбыз келет. Көпчүлүк адамдар дагы эле кызмат сатып алабыз деп ойлоп жатышат. Эми мындай болбойт», — деди Жапаров.
Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков элдик толкундоого байланыштуу отставкага кеткенден кийин ЖК төрагасы Канат Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тарткан. Мындан улам мамлекет башчынын укуктары убактылуу премьер-министр Садыр Жапаровго өткөн.