• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Садыр Жапаров Малайзияга барат

23 Кулжа 202512:52 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров 24-25-июнь күндөрү Малайзиянын Премьер-министри Анвар Ибрагимдин чакыруусу боюнча расмий сапары менен Куала-Лумпур шаарында болот. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

«Жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын ортосундагы саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана эки тарапты кызыктырган башка чөйрөлөрдө кызматташуунун актуалдуу маселелери жана мындан аркы өнүгүү келечеги талкууланат. Расмий сапардын алкагында КР Президентинин Малайзиянын мыйзам чыгаруу бийлигинин жетекчилиги менен жолугушуусу, ошондой эле бизнес-коомчулук менен диалог өткөрүүсү да пландаштырылган. Бул сапар Кыргыз Республикасынын Мамлекет башчысынын акыркы 30 жылдагы Малайзияга жасаган биринчи расмий иш сапары болуп саналат», — деп белгиледи ал.

Количество просмотров: 90