• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Кытайга барат

23 Жалган куран 202312:46 Бишкек Govori.TV

Үстүбүздөгү жылдын май айында президент Садыр Жапаров Кытайга мамлекеттик сапары менен барат. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Кытайдын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Садыр Жапаров Кытай — Борбор Азия механизминин биринчи саммитине катышат.

«Биз бул сапарга чоң көңүл буруп жатабыз. Азыр эки тарап тең иш-чарага активдүү даярданып жатышат. Биз бул иш-чара чоң ийгиликтер менен аяктап, эки мамлекеттин мамилелерин жаңы деңгээлге чыгарат деп ишенебиз. Биз Кытай менен Кыргызстандын бирдиктүү тагдырынын коомчулугун курууда жаңы кадам жасайбыз», — деп жыйынтыктады ду Дэвэнь.

Количество просмотров: 109