• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Садыр Жапаров ээлеген кызматына, социалдык статусуна карабай жооп бериши керек деген позицияда

17 Теке 202416:58 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Камчыбек Ташиевдин бажасы алдамчылыкка шек саналып кармалганы жана президенттин бажыдагы коррупцияга байланыштуу аталаш иниси кайра камакка алынганы тууралуу маалыматтар маалымат сайттарында желдей тараган. Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов «алардын мыйзамсыз аракеттерге баруусу боюнча компетенттүү органдар расмий маалымат беришет. Сиздердин көңүлүңүздөрдү дагы бир жолу өлкөбүздүн жогорку бийлиги мыйзамсыз аракетке баргандарды калкалабай тургандыгына бургум келет.

Президент Садыр Жапаров мыйзамсыз аракетке баргандар ким болбосун мыйзамдардын чегинде ээлеген кызматына, социалдык статусуна карабай жооп бериши керек деген айныгыс позицияны карманат»-деди.

Количество просмотров: 129