• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Садыр Жапаров Нарын эли менен жолугушту

9 Жетинин айы 2020 15:01 Бишкек Govori.TV

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Нарын облусундагы иш сапарынын алкагында Нарын облусунун эли менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

адыр Жапаров эл алдында сүйлөп жатып, аймактардагы абалды жеринен көрүү максатында республиканын региондорун кыдырып жатканын билдирди.

«Элдин үнү бийликке жете бербейт, көбүнэсе ал бурмаланып, бийликтегилер көз алдындагы нерселерди көрө албаган учурлар болот. Мен ар бир жарандын үнүн угуп, элибиз эмне менен жашап жаткандыгын, кандай көйгөйлөрү бар экендигин көрүү үчүн келдим. Мен элдин мамлекеттик органдарга карай ишенимин кайтарууну каалайм», — деди Жапаров.

Ал ошондой эле эл оозунан чыккан «ачуу чындыкты» угууга жана көп жылдардан бери Нарын облусунун калкынын топтолуп келген көйгөйлөрүн чечүүгө даяр экендигин кошумчалады.

Президенттин милдетин аткаруучу менен жолугушуу учурунда эл көптөгөн суроолорду берди, тактап айтканда, Садыр Жапаровдон региондо электр энергиясынын баасын төмөндөтүү, аймактын инфраструктурасын жакшыртуу, жерди трансформациялоо жана социалдык маселелерге өзгөчө көңүл бурууну өтүнүштү.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров тармактык мамлекеттик органдарга Нарын облусунун калкы көтөргөн ар бир маселени карап чыгуу, ошондой эле кыска убакыттын ичинде аларды чечүү боюнча чараларды көрүү тапшырмасын берди.

Количество просмотров: 132