Президент Садыр Жапаров бир күндүк иш сапары менен Ош жана Жалал-Абад облустарына барат. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Садыр Жапаров бүгүн 15-ноябрда бир күндүк иш сапары менен Ош жана Жалал-Абад облустарын кыдырат.
Анын жүрүшүндө Ош облусунда толугу менен жаңы түптөлгөн Жаңы Барак айылын жана бир катар социалдык обьектилерди ачып, Жалал-Абад облусунун Казарман айыл аймагында жергиликтүү тургундар менен жолугушат.