• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Садыр Жапаров партиялар бийликчилмин десе ага добуш бербей коюуга чакырды

23 Тогуздун айы 2021 13:20 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан маалымат жыйында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, бийликтин партиясы жок экенин, эгер партиялар бийликчилмин десе ага добуш бербей коюуга чакырды.

«Баарыңарга кайралам, ким бийликчилмин деп менин атымды сатып жатса, так ошол партияга добуш бербей койгула, башка партияларга бергиле. Бул жолу шайлоо таза өтүшү керек. Министрлер кабинетинин бардык мүчөлөрүнө тапшырма бердим, мугалим, дарыгерлерге жеткиргиле дедим, шайлоо таза өтсүн. Катаны кайра-кайра кайталабай, адам болгондон кийин ойлонолу. Дүйнө жүзүнө бизде да таза шайлоо өтөрүн далилдеп коелу. Тымызын иштеп жатса, силер айткыла. Добуш сатып жатканын да, сатып алганын да жазалагыла деп айтып жатам. Биз баарыңарды көзөмөлдөй албайбыз, добуш сатканды өзүңөр токтоткула»,-деди президент.

Район акимдеринин бири шайлоого аттанган талапкерлердин бирине иштеп жатканы аныкталганын, ал иштен алынарын кошумчалады

Количество просмотров: 115