Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров эгерде мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилсе, президенттик шайлоого катышууга даяр. Бул тууралуу ал РИА Новостиге билдирди.
Азыр мыйзамга ылайык президенттин милдетин аткаруучу президенттикке талапкер боло албайт. Садыр Жапаровдун айтымында, “бул жөнүндө айтуу эрте, бул маселе боюнча чечим кабыл алына элек”.
“Россия 24” телеканалынын дагы суроолоруна жооп берип жатып, Садыр Жапаров: “Учурда парламент депутаттарын жана президентти шайлоо боюнча мыйзамдарга түзөтүүлөр даярдалып жатат. Эгерде мыйзамдагы ушул өзгөртүүлөрдүн натыйжасында шайлоого катышууга уруксат берилсе, мен барам” деди.