• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Садыр Жапаров расмий сапары менен Өзбекстанга барат

25 Бирдин айы 2021 9:35 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров расмий сапары менен Өзбекстанга барат. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 22-февралда эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин орун басарлары — Фарход Арзиев менен Нуран Ниязалиев видеоконференция аркылуу сүйлөшүп, Жапаровдун коңшу өлкөгө боло турган сапарына даярдык көрүү маселесин талкуулашты.

Мындан тышкары сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Өзбекстандын ТИМ башчысы Абдулазиз Камиловдун Кыргызстанга боло турган сапарын уюштуруу жана эки өлкөнүн ортосундагы укуктук базаны инвентаризациялоо тууралуу да сөз болду.

Азырынча кыргыз президентинин Өзбекстанга сапары качан болору айтыла элек. Январдын аягында расмий түрдө президенттик кызматка киришкен Жапаров 24-февралда алгачкы чет өлкөлүк сапары менен Орусияга барды.

Количество просмотров: 321