• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтты

25 Тогуздун айы 202411:23 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоганга Анкара шаарындагы теракттан улам болгон трагедияга байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

«2024-жылдын 23-октябрында Анкара шаарындагы «TUSAŞ» компаниясына болгон теракт тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам. Жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетүүсүн каалайм.

Кыргызстан терроризмди жана анын жалпы тынчтыкка жана туруктуулукка коркунуч туудурган бардык түрлөрүн кескин түрдө айыптайт жана боордош Түркияны терроризмге каршы күрөшүүдө ар дайым колдойт», — деп айтылат телеграммада.

Количество просмотров: 186