• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Садыр Жапаров Россияга кетти. Делегациясынын курамында кимдер бар?

7 Тогуздун айы 202414:41 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, иш сапары менен Россия Федерациясына КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн жөнөп кетти.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

— Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, Кыргызстандын КМШ иштери боюнча улуттук координатору Адылбек Касымалиев;

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— Кыргызстандын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Боконтаев;

— Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;

— Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү Улукбек Кармышаков.

Эскерте кетсек, КМШнын Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө Шериктештикке мүчө мамлекеттердин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыгын кеңейтүүгө жана бекемдөөгө багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат.

Количество просмотров: 202