• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Садыр Жапаров сүмөлөк даярдоого катышты (сүрөт)

21 Жалган куран 2022 0:37 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-мартта, жазгы күн менен түн теңелген Нооруз майрамынын алдында сүмөлөк даярдоого катышты.

Мамлекет башчысы отту тегеректеп олтурган кадырлуу аксакалдар жана жергиликтүү жашоочулар менен баарлашты. Катышуучулар манасчылардын, төкмө-акындардын, комузчулардын жана аккордеончулардын коштоосунда чакан концерттик программага күбө болушту.

Салтка ылайык, Садыр Жапаров сүмөлөк бышырылып жаткан казанды аралаштырып, кыргыздын байыркы ишеними боюнча аруу тилектерин айтып, алардын орундалышын каалады. «Оо, Жараткан! Элибизге кут, береке бере көр! Жергебизде тынчтык болсун!
Быйылкы түшүмүбүздүн ырыскысы мол болсун!
Жерибиз, элибиз гүлдөп, өнүгүп өссүн!
Эң негизгиси, тынчтык болсун!», — деди Президент Садыр Жапаров.

Өз кезегинде аксакалдар Мамлекет башчысына бата беришип, Кыргызстанга гүлдөп өнүгүү жана тынчтык каалашты.

Количество просмотров: 167