• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Садыр Жапаров шайлоо мыйзамдарына кол койду

11 Жетинин айы 2020 19:14 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2020-жылдын 22-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам жарандардын кызыкчылыктарын билдирген саясий күчтѳрдүн парламенттеги ѳкүлчүлүгүн кеңейтүү үчүн укуктук шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан.

Аталган мыйзам менен киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, төмөнкүлөр каралган:

— Кыргыз Республикасынын аймактарынын ичинде толугу менен 2-форма менен арыз берүү жокко чыгарылды. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн шайлоочулар гана 2-форма менен арыз берүүгө укуктуу;

— шайлоо күрөөсү Президенттикке талапкерлерге, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партияларга добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 1 пайыздан кем эмесин алгандарга кайтарылып берилет (мурун бул көрсөткүч 5 пайыздан кем эмес болчу);

— шайлоо күрөөсү 5 млн сомдон 1 млн сомго түшүрүлгөн;

— шайлоо босогосу 7 пайыздан 3 пайызга түшүрүлгөн.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Количество просмотров: 417