• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Садыр Жапаров Ташиевге кызмат сунуштайт

14 Тогуздун айы 202018:56 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-октябрда премьер-министр болуп дайындалган Садыр Жапаров мамлекеттик резиденцияда маалымат жыйын өткөрдү.

Жыйында журналисттер тарабынан «Камчыбек Ташиевге кызмат сунушталабы?» деген суроо узатылды.

«Камчыбек Кыдыршаевич менен мен 15 жылдан бери жакшы таанышмын. Бир эмес, эки чакырылышта депутат болгонбуз. Камчыбек Кыдыршаевичке кандай гана бийлик берсе дагы аны тартып кетерине көзүм жетет. Мен ага кызмат сунуштайм, бирок азырынча кайсы кызмат экени аныктала элек»,-деди Жапаров.

Количество просмотров: 4103