• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Садыр Жапаров Текебаевге кол салгандарды табууну тапшырды

1 Бештин айы 2021 18:25 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаровго “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча маалымат жеткирилди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымында, мамлекет башчысы өлкөнүн Ички иштер министрлигине бул факты боюнча бардык жагдайларды иликтеп чыгууну, Өмүрбек Текебаевге карата орун алган аракеттерди жасаган адамдарды аныктоо максатында тыкыр ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнү жана тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырган.

«Ошондой эле, болгон окуяда аны айрым күчтөр өз максаттарына колдонууга аракет кылып жатканын жокко чыгарууга болбойт. Белгилей кетсек, ар бир жаран макамына жана ээлеген абалына карабастан укук коргоо органдарынан өз укуктарын жана эркиндигин коргоону талап кылууга акысы бар. ИИМ өз кезегинде коомдогу жана мамлекеттеги тартип менен мыйзамдуулукту коргоо боюнча ишмердүүлүктү жүргүзүүгө милдеттүү», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болуп, анын телефонун белгисиз бирөлөр алып кетишкен. Өмүрбек Текебаев дин айтымында бул окуя менен аны коркутуу аракети болгон. Текебаевдин айтымында, кол салгандар анын уюлдук телефону менен көз айнегин алып кетишкен.

Көп өтпөй «Ата Мекендин» тарапташтары Бишкектеги УКМКнын алдына чогулушту.

Количество просмотров: 356