• Бейшемби 26 Жетинин айы 2020

Садыр Жапаров: Тышкы карыздан өзүбүздүн эле ресурс менен кутулсак болот экен

5 ноября 2020 в 9:44 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан тышкы карызынан өз ресурстары менен кутула алат. Бул тууралуу 3-ноябрда «Region» телеканалындагы маегинде президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров билдирди.

Ал тышкы карызды төлөш үчүн элден жардам сунуш кылынып жатканын, бул үчүн Финансы министрлиги президенттик фонд түрүндө атайын эсеп ачканын айтып, ал тууралуу эртең-бүрсүгүнү жарыяланарын кошумчалады.

Ошону менен катар Жапаров бул маселени чечүүдө ички жаратылыш ресурстарын колдонуу мүмкүнчүлүгү каралып жатканын белгиледи:

«Жолдору бар экен. Өзүбүздүн эле ресурс менен кутулуп койсок болот экен. Аны сүйлөшүүлөр жолу менен чечишибиз керек. Кайсы жерден кантип кутулсак болорун алдын ала болжоп койдук. Жолдор бар экен, мисалы, Кытайдын карызынан… Калган карыздардан деле өзүбүздүн ресурстарды колдонсок болот экен. Жаратылыш ресурстарын».

Кыргызстан тышкы карызынын быйыл төлөнүүчү төрт миллиард сомдон ашуун каражатынын төлөө мөөнөтүн узартууну суранып жатканын жакында Финансы министрлиги кабарлаган.

Министрликтин соңку маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстандын мамлекеттик карызы, тышкы жана ички карыздарды кошкондо, 378 миллиард сомду (4,8 миллиард доллар) түзөт. Анын 86,6% – тышкы кырыз жана бул сумма 328 миллиард сомго барабар (4,1 миллиард доллар).

Кыргызстандын мамлекеттик карыздарды төлөө көлөмү 2023-жылдан тартып көбөйө баштайт. 2027-жылы бул үчүн жылына 400 миллион доллардай бөлүп турушу керек болот. Өлкө 1992-жылдан 2018-жылга чейин 10 миллиард доллар грант жана насыя алган.

Количество просмотров: 354