• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Садыр Жапаров «Унаанын» жетекчилигине өз кудасын койгонбу?

29 Жетинин айы 2020 12:46 Бишкек Govori.TV

Factcheck.kg сайты өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директору Турусбек Түмөнбаев өкмөттүк милдетин убактылуу тапшырган Садыр Жапаровдун кудасы болорун аныктап чыкты.

Сайт жүргүзгөн иликтөөгө ылайык, Түмөнбаев Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси Акат Жапарованын күйөөсү, маркум Таалайбек Түмөнбаевдин бир тууганы.

Садыр Жапаровдун 21-октябрдагы буйругуна ылайык, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин башчысы Марат Пирназаров иштен алынып, ушул эле күнү ал кызматка Турусбек Түмөнбаев дайындалган.

Factcheck.kg порталы негизинен Интернетке чыккан күмөндүү кабарлардын так-аныктыгын текшерүү менен алектенет.

Кыргызстандагы 5-6-октябрдагы окуялардан кийин өкмөт башчылыкка келген Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн кызматын убактылуу тапшырган. Учурда анын милдетин биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков аткарууда.

Количество просмотров: 70