• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Садыр Жапаров Венгрияга расмий сапар менен барат

12 Бирдин айы 2023 12:53 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров 12-14-февралда Будапештке (Венгрия) расмий сапар менен барат. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров Венгриянын Президенти Каталин Новак менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Президенттер эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат.

Президент Садыр Жапаровдун Венгриянын Улуттук Ассамблеясынын спикери Ласло Кевер жана Премьер-министр Виктор Орбан менен жолугушуусу да пландалууда.

Бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалган. Мындан башка бул күндөрү Будапештте кыргыз жана венгриялык ири компаниялардын катышуусунда бизнес-форум өтөт», — деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Количество просмотров: 68