• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Садыр Жапаров: Жаңы Баш мыйзамды кабыл алабыз

7 Тогуздун айы 2020 0:51 Бишкек Govori.TV

Жаңы Баш мыйзамды кабыл алабыз. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп шайланган Садыр Жапаров «5-каналга» берген түз эфирдеги маегинде билдирди.

Анын айтымында, 2 айдан кийин жаңы Баш мыйзам кабыл алынат.

«Азырынча эски өкмөт ишин улантат. Айрым министрлер алмашышы мүмкүн ал эми калгандары мурунку тартипте иштейт. Биз эки айдан кийин жаңы Баш мыйзамды кабыл алып, башка система түзөбүз. Ошого чейин азыркы Жогорку Кеңеш, министрликтер иштеп турат. Качан гана Баш мыйам кабыл алынгандан кийин бардыгы алмашып, министрликтер менен комитеттердин саны кыскарат»,-деди Жапаров.

Белгилей кетсек, 6-октябрда Бишкектеги «Достук» мейманканасынын жыйындар залына чогулган Жогорку Кеңештин бир нече депутаты Садыр Жапаровдун талапкерлигин премьер-министрлик кызматка жактырды.

Количество просмотров: 220