• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Садыр Жапаров жаңы эки министрлик түздү

29 Бугу 2021 23:00 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы „Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө“ Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Жарлыкка кол койду.

Башкаруу системасын оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы №114 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

—3-пункттун он үчүнчү жана он төртүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

« — Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги;

— Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлиги;».

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Количество просмотров: 15406