• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Садыр Жапаров: Жан сакчым менен унаамды алып коюшту. Муну Суваналиев кылды

8 Тогуздун айы 202020:17 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-октябрда Садыр Жапаров өкмөт үйүнүн алдына чогулган тарапташтарына кайрылуу жасады.

Жапаровдун айтымында, күч органдарынын баары Суваналиевде болуп жатат.

«Өкмөт үйүнө келгениме бир саат болду. Бул арада менин жан сакчымды, унаамды баардыгын алып коюшту. Өмүрбек Суваналив менен 3 күндөн бери сүйлөшө албай жатам. Мага каршы күчтөр ушунун баарын кылып жатат. Мен кайрылат элем, токтоткула мындай иштерди»,-деди Жапаров.

Жапаров топтолуп турган тарапташтарын башаламандыкка барбоону эскертип, тарап кетүүгө чакырды.

Количество просмотров: 3163