• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Садыр Жапаров Жээнбеков жана Матраимов менен жолукпаганын айтты

7 Тогуздун айы 2020 16:43 Бишкек Govori.TV

“Мекенчил” партиясынын кеңсесинде Садыр Жапаров чукул маалымат жыйын берип жаткан чагы. Анда ага журналисттер тарабынан берилген суроолорго жооп берүүдө.

“Куран кармап туруп айта алам, Жээнбеков менен дагы, Матраимов менен дагы жолуккан жокмун. Эч ким менен жолуккан эмесмин”, — деди ал.

Жапаров учурда өзүн премьер-министрликке талапкер катары көрсөтүп жаткан Өкмөт үйүндөгү Тилек Токтогазиевдин аракеттери тууралуу да сөз кылды.

“Саясатты жакшы түшүнбөгөндүктөн менин премьерлигимди легитимдүү деп тааныбай жатса керек. Мен деле эски саясатчыларды келтирбейин деп атам, жаштардын талабы туура”, — деди.

Количество просмотров: 860