• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Садыр Жапаровдун тарапкерлери митингде чагымчыл аракеттер болгонун айтышты

2 Жалган куран 2020 13:00 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-мартта борбор калаанын «Ала-Тоо» аянтында камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун тарапташтары митингге чыгышты.

Митингдин катышуучуларынын айтымында, аянтка Садыр Жапаровдун Ысык-Көлдөгү тарапташтары дагы келген. Алар Жапаровду камактан бошотуу, сотторго реформа жүргүзүү сыяктуу бир нече талаптарды айтышууда.

Митингге чыккандар үн күчөткүч менен сүйлөп, трибунага чоочун адамдарды өткөрбөй өзүлөрүнүн түзүлгөн кошуун тизилип турат.

Ошол эле учурда митингчилердин арасында чагымчылдар аныкталды. Уюштуруучулардын айтымында, бет кап кийген эки эркек адам колуна плакат көтөрүп турушкан. Аларды четке сүрүп чыгышты.

На митинге Садыра Жапарова произошла попытка провокации

«Садыр Жапаровду колдоо элдик кыймылынын» төрагасы экс-депутат Каныбек Осмоналиев элди провакацияга алдырбоого чакырды.

Кечээ, 1-мартта Жогорку Кеңештин экс-депутаты, саясатчы Садыр Жапаров 2-мартта тарапташтарын митингге чыкпай эле коюуга чакырып, кайрылуу катын жолдогон болчу.

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында «Кумтөр» боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.

Количество просмотров: 3727