Камактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоо митингинде кармалган 6 жаран №1 убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кармалган 6 жаран Свердлов райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынган.
Эске салсак, 2-мартта Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында мурунку депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары митинг өткөрүп, анда башаламандык орун алган. Митингге чыккан айрым аялдар депутаттар менен жолугушууну талап кылып, Ак үйдөн чыгып жаткан кызматкерлердин жолун тосуп, кол салышкан болчу.