• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Садыр Жапаровду Кытайга кимдер коштоп кетти? (тизме)

3 Бирдин айы 202214:00 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-февралда, Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Пекин шаарына иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдайт.

Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Кышкы Олимпиада — 2022 оюндарынын ачылыш аземине катышып, КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат. Жолугушууда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында:

  • Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
  • Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;
  • Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Канайым Бактыгулова;
  • Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;
  • Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев.
Количество просмотров: 1482