• Дүйшөмбү 13 Бугу 2024
  • Понедельник 13 Май 2024

Садыр Жапаровду Венгрияга кимдер коштоп кетти?

13 Бирдин айы 2023 9:18 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-февралда расмий сапар менен Будапештке (Венгрия) жөнөп кетти.

Расмий сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөр, кыргыз-венгер бизнес форуму жана башка иш-чаралардын өткөрүлүшү күтүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында:

  • Мамлекет башчысынын жубайы Айгүл Жапарова;
  • тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
  • Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
  • Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Талантбек Кушчубеков;
  • билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов;
  • санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов;
  • экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;
  • юстиция министри Аяз Баетов.
Количество просмотров: 70