• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Садыр Жапаровдун эки тарапташы эркиндикке чыкты

22 Жетинин айы 2018 9:06 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 22.11.2018. Govori.TV
Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Садыр Жапаровдун эки тарапташы абактан бошотулду. Мындай чечим Аламүдүн райондук соту тарабынан 21-ноябрда кабыл алынды.
4 жылдан эркинен ажыратылган Эркланбек Тагаев менен Манап Бегишев 2 жыл бир ай жаза мөөнөтүн өтөп, тартип бузбаганы үчүн шарттуу түрдө эркиндикке чыгышты.
Жактоочу Шарабидин Токтосунов жакын арада Калыбек Жапаров деген дагы бир жаран бошотула турганын билдирди.
Эске салсак, 2017-жылдын 25-мартында Садыр Жапаровду колдоо митингинде жалпы 105 адам кармалган. Алардын 12сине «бейбаштык», «милиция кызматкерине кол көтөрүү», «бирөөнүн мүлкүн сындыруу» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.
Биринчи Май райондук соту ошол эле жылдын 5-сентябрында жетөөнү 1 жылдан шарттуу, үчөөнү 4 жылдан, бирөөнү 8 жылга кескен.
Количество просмотров: 41