• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Садыр Жапаровдун алгачкы чет өлкөлүк визити Россияга болот

25 Үчтүн айы 202112:29 Бишкек Govori.TV

Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун алгачкы чет өлкөлүк визити Россияга болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин отурумунда вице-премьер-министр Равшан Сабиров маалымдады.

Анын билдирүүсүнө караганда, визиттин жүрүшүндө талкууланчу негизги маселелердин бири газ болот.

«Эгерде аталган маселе талкууланса, анда биздин эл үчүн жакшы жактары көп болот», — деди ал.

Количество просмотров: 528