• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Садыр Жапаровдун тууганы тергөө абагынан бошотулду

18 Аяк оона 202410:42 Бишкек Govori.TV


Камакка алынган президенттин тууганы У. Ж. үй камагына чыкты. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан кабарлашканын Kaktus.media сайты жазып чыкты.

Сотто УКМК тергөөчүсүнүн баш коргоо чараны өзгөртүү боюнча өтүнүчү каралган. Сот 24-августта УКМК тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырып, баш коргоо чарасын өзгөртүү чечимин кабыл алган.

«У.Жга карата мурда колдонулган баш коргоо чарасы тергөөнүн жүрүшүндө 19-сентябрга чейин үй камагына өзгөртүлдү», — деп айтылат соттун маалыматында.

У. Жнын кармалышы ушул жылдын июль айында белгилүү болгон. Kaktus.media булактарынын маалыматына караганда, президенттин тууганы кимдир бирөөгө президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматына убада берип, 100 миң доллардан ашык сыйлык алган имиш, бирок ал убадасын аткарган эмес. Ал УКМК тарабынан кармалып, 19-августка чейин камалган.

Буга чейин ага Кылмыш-жаза кодексинин «коррупция» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ишти ИИМдин тергөө кызматы иликтеп, ал тергөө абагына камалган. Бирок, бир канча убакыт өткөндөн кийин ал камактан бошотулган.

Количество просмотров: 101