• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сагыналиев ИИМдин Россиядагы өкүлү болуп дайындалды

11 Баш оона 202210:49 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министри Улан Ниязбековдун буйругуна ылайык, Сагыналиев Исмайил Алмейсович КР ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн өкүлү болуп дайындалды.

Маалыматка ылайык, Сагыналиев эки жогорку билими бар. 2002-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, 2008-жылы ИИМдин Академиясынын Юриспруденция багыты боюнча адистигин аяктаган.

Буга чейин ал ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын начальниги кызмат ордун аркалап келген. Ички иштер органдарында 2003-жылдан бери кызмат өтөйт.

Количество просмотров: 87