Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеӊеште кытайлык ишкер Айэркен Саймаитиге байланышкан маалыматтарды иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын отуруму өтүп жатат.
Жыйында Ички иштер министрлигинин жана башка күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү маалымат беришүүдө.
Учурда УКМКнын Тергөө башкармалыгынын башчысы Сагынбек Самидин уулунун айткан Кытай жарандары Хабибулла Абдукадыр менен Айэркен Саймаитинин ортосундагы тирешүүгө байланыштуу күбөлөрдүн айтканын далилдеген видеолор комиссия мүчөлөрүнө көрсөтүлүп жатат.