Стамбул шаардык Кылмыш-жаза соту Айеркен Саймаитинин өлүмүнө шектелип кармалган жети жаранга өкүм чыгарды. Бул тууралуу 1-мартта түркиялык «Демирөрен» агенттиги маалымат таратты.
Анда сот Абдулла Энвер, Хусейн Ахметалиев жана Самер Барготту «Мамлекеттин биримдигин жана өлкөнүн бүтүндүгүн бузган» деген берене боюнча өмүр бою эркинен ажыраткан чечим чыгарганы жазылат.
Энвер менен Ахметалиевге «Атайлап адам өлтүрүү» жана «Куралдуу террористтик уюмдун мүчөсү» беренеси боюнча 500 миң лира (36 миң доллардын тегерегинде) өлчөмүндө айыппул салды.
Ал эми дагы бир айыпталуучу Самер Баргут «Атайлап киши өлтүрүү» беренеси менен 13 жылга эркинен ажыратылганы кабарланды.
«Террордук уюмга атайлап жана өз ыктыяры менен жардам берген» деген айыптын негизинде Али Исбех, Али Эл Хаж Али жана Ассад Элхатибге үч жылга кесилди.
Былтыр болсо Стамбул шаардык соту Саймаитинин өлүмүнө шектүү жети кишинин бири Нормахамат Арипхоновду бошоткон.
Уйгер тектүү ишкер Айеркен Саймаитини 2019-жылы Стамбулдун Фатих районунда атып кетишкен.
Анын ысымы алгач «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзүп, 2019-жылдын 21-ноябрында жарыялаган «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана ошол эле жылдын 4-декабрында жарыкка чыгарган «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрүндө аталган.
Иликтөөдө 700 миллион доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чет мамлекеттерге чыгарылып турганы айтылган.
Булак: Азаттык.