• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Сак болуңуз! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот

29 Баш оона 202215:53 Бишкек Govori.TV

Жакынкы сааттарда Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, жакынкы бир саат аралыгында Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.

ӨКМ элди этият болууга чакырып, кырсыктан оолак болуу үчүн автоунааларды бак-дарактардын жана жеңил конструкциядагы курулуштардын алдына койбоо керектигин эскертүүдө.

Количество просмотров: 3849