• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Саламаттык сактоо министрлиги: Кытайдан Кыргызстанга 196 киши келди

2 Бирдин айы 2020 11:08 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанга Кытайдан 196 адам келген. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 28-январдан 1-февралга чейин Кытайдан Кыргызстанга 196 киши келди. Анын ичинен 182си Кыргызстандын, 13ү Кытайдын жана бирөө башка мамлекеттин жараны. Алардын баары термосканер менен тиешелүү медициналык кароодон өтүп, коронавирус аныкталган эмес.

«Учурда Сокулук аймактык ооруканасында 3, Беш-Күнгөй ооруканасында 4 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. Калган 189у штабдын чечими менен жашаган аймагында медициналык көзөмөлдө болуп туруусу кажет деген шарт менен чыгарылды», — деп жазылат маалыматта.

2-февралга карата Кытай Эл Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген маалыматына ылайык, Ухань шаарынан тараган өпкөнүн сезгенишине алып келчү жаңы коронавирустан 304 адам өлүп, вирусту жугузгандардын саны 14 380 кишиге жетти. 

Количество просмотров: 687