Саламаттык сактоо министрлигинин имаратынын алдында дарыгерлер митингге чыгышты
Саламаттык сактоо министрлигинин имаратынын алдында дарыгерлер митингге чыгышты
13 Жетинин айы 2018 17:36 Бишкек Govori.TV
Бишкек.13.11.2018.Govori.TV.
Саламаттык сактоо министрлигинин имаратынын алдында Бишкек шаарында иштеген ондогон дарыгерлер митингге чыгышты. Алар үй-бүлөлүк медицина борборлорун оптимизациялоо маселесине байланыштуу нааразылык билдирип жатышат.
Чогулгандар терапевт, педиатр, гинеколог же башка медициналык кесипке ээ болгон адистерди үй-бүлөлүк дарыгерликке окутууга каршы пикирин айтышууда. Алар биринчиден кыска мөөнөттө буга үйрөнүү кыйын болорун, экинчиден тиешелүү эмес дарыгерлер карыларды жана балдарды карашы мүмкүн эмес экенин эскертишүүдө.
Акцияга чыккан дарыгерлер ошондой эле маяналар министрлик убада кылгандай көбөйбөй жатканын, айлык төлөөдөгү упай системасы туура эмес киргизилгенин сынга алышууда.
Саламаттык сактоо министрлигинин коомчулук менен байланыш боюнча адиси Елена Баялинова митингге чыккан дарыгерлер менен министр Космосбек Чолпонбаев жолугушуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүп жатканын билдирди
БАЗАРДАГЫ НААРАЗЫЧЫЛЫК АКЦИЯЛАР Бүгүн, 6-декабда президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук маалымат агенттигине Көзөмөл-кассалык машинелерди колдонууга …