• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Саламаттыкты сактоо министрлиги: Митингде резина ок тийген кыз ооруканадан чыкты

3 Жалган куран 2020 13:47 Бишкек Govori.TV

 Митинг учурунда атылган резина октон жаракат алган кыз ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жабыркаган кыз үйүнө түндө кеткен. Ага Улуттук госпиталдагы дарыгерлер көмөк көрсөткөн.

Эске салсак, 2-мартта Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында камактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен уюштурулган митингдин соңунда тараптар кагылышып, милиция митингдин катышуучуларын күч менен таркатып, айрымдарын кармаган. Кууп таркатуу учурунда тараптар бири-бирине таш ыргытып, көчө боюндагы автоунаалар, имараттар жабыркаган.

Количество просмотров: 104